Акылбек Жапаров: Таза, жакшы мыйзам жазчу депутаттарды тандаңыздар

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги №1142 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Ал добуш берген соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, аткаруу бийлиги алгачкы жолу шайлоону таза уюштурууга аракет кылганын, кайсы бир күчкө жан тартпаганын билдирди жана жарандарды добуш берүүгө чакырды.

«Биз элдин тандоосуна баш ийебиз жана алар менен иштешибиз. Таза, жакшы мыйзам жазчу депутаттарды тандаңыздар».

Мындан тышкары ал үгүт өнөктүгүнүн учурунда эреже бузган 12 мамлекеттик кызматкер жазаланганын, анын алтоо жумуштан кеткенин кабарлады.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты