Акылбек Жапаров Түркияга барат

  • 3 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-10-февралда Анкара шаарына расмий сапар менен барат. 

Бул тууралуу МинКаб басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, расмий сапардын алкагында Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына катышат. 

Ошондой эле Түркиянын расмий жетекчилери жана мамлекеттик органдарынын башчылары менен жолугушуулар болот. Анда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 

МинКаб Төрагасы мындан тышкары кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат, анын алкагында ири бизнес өкүлдөрү менен да жолугат. 

Андан соң өнөр жай, транспорт, медицина жана электрондук соода жүргүзүү тармактарында иш алып барган орто жана ири ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, ишкерлик чөйрөдө кызматташууну талкуулайт. 

Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Сүрөттө: Анкар шаары. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты