Акылбек Жапаров “Мыкты мектеп. Мектепти финндердей башкаралы» китебинин автору Ари Покка менен жолукту

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Мыкты мектеп. Мектепти финндердей башкаралы” китебинин автору, мектеп директорлорунун эл аралык ассоциациясынын жетекчиси, билим берүү боюнча эл аралык консультант Ари Покканы кабыл алды.  

Бул тууралуу МинКаб басма сөз кызматы билдирди.
 
Мектеп директорлорунун эл аралык ассоциациясынын жетекчиси Ари Покка Кыргызстанга өзүнүн кыргыз тилине которулуп, басылып чыккан «Мыкты мектеп. Мектепти финндердей башкаралы» китебинин бет ачаарына катышуучу үчүн келген.  

Жолугушууга “БугуПресс” басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин да катышты.
 
Жыйындын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер, анын ичинде билим берүү системасын реформалоо жана балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Алтын Казык» программасы тууралуу айтып берди.

Ал «Мыкты мектеп. Мектепти финндердей башкаралы» деген аталыштагы басылып чыгарылган китеп, өлкөдөгү мектеп жетекчилерине жана мугалимдерине жакшы таасирин тийгизээрине үмүт артты.

Билим берүү жаатындагы эл аралык алдыңкы консультант Ари Покка мектептик билим берүүнү реформалоо боюнча демилгелерди жана өлкөнүн жетекчилиги тарабынан балдардын билимине инвестиция катары тандалып алынган өнүгүү приоритеттерин колдоорун билдирди.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты