Акылбек Жапаров иш сапары менен Москвага учуп кетти

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Москвага учуп кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугуп, кыргыз-орус кызматташтыгын, анын ичинде энергетика, күйүүчү май боюнча маселени талкуулайт.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн өкмөт башчылары 18-ноябрда Арменияда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында жолугушуп, салык жана бажы органдарынын ишин санариптештирүү, анын ичинде салык башкаруу тутумун техникалык жана программалык өнүктүрүу боюнча маселени талкуулашкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты