Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар салык жана бажы органдарынын ишин санариптештирүү, анын ичинде салык башкаруу тутумун техникалык жана программалык өнүктүрүу боюнча маселени талкуулады.

«Биз «жакыр» өлкө синдромунан баш тартуудабыз жана колдогу бардык жеке ресурстарды пайдаланууга умтулабыз. Биз үчун Россия Федерациясынын салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруудагы тажрыйбасы абдан маанилүү. Жакын арада бюджеттин киреше бөлүгүн салык жана бажы башкаруу тутумун толук санариптештирүу жолу аркылуу жогорулатууну көздөп жатабыз», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Россия Федерациясы анын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына алдыдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүсү үчүн шайлоо участокторун уюштурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди, ошондой эле кыргыз тарапка Бишкек, Ош шаарлары жана Ысык-Көл облусу менен аба катнашынын кайра жанданышы тууралуу маалымат берди. 

Мындан тышкары өкмөт башчылар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы биргелешкен ишти жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүү маселесин талкуулады. 

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны Ереван шаарында 18-19-ноябрда өтүп жатат.

Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБ караштуу байкоочу өлкөлөр – Өзбекстан жана Куба Республиканын  өкмөт башчыларынын, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасынын катышуусунда өтөт.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты