Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин кеңешмесин өткөрдү. Анда 27 маселе каралды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кезектеги кеңешменин өткөрүп, анда 27 маселе каралды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы май айындагы майрамдардагы тармактык министрликтердин ишинин негизги багыттарын белгиледи. Ал белгилегендей, президенттин администрациясы толугу менен электрондук документ жүргүзүүгө өтүүдө, буга байланыштуу бардык кызматкерлерди электрондук документ жүгүртүүгө контролдук окутуудан өткөрүү тапшырылды.  

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Айыл чарба министрлигинин «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жеңилдетилген кредиттер менен камсыздоо жаатындагы ишиндеги кемчиликтерди белгиледи. 

«Социалдык сектор мамлекеттик саясаттагы өзгөрүүлөрдү сезе баштады: бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акылары жана жөлөкпулдар жогорулатылды. Республиканын эгемендик тарыхында алгач ирет агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүгө рекорддук 26 млрд сом бөлүнүүдө, бирок бул иштин жыйынтыгын көрө албай жатабыз. Мен иштин реалдуу натыйжаларын, бүткүл агроөнөр жай комплексинин жогорулашын көргүм келет», — деп белгиледи Акылбек Жапаров. 

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, бардык министрликтер мамлекеттик органдардын карамагында турган мамлекеттик ишканаларды, жабык жана ачык акционердик коомдорду инвентаризациялоосу тийиш. 

«Биз жаңы мамлекеттик ишканаларды натыйжасыз ишканаларды жоюу шарты менен түзүп жатабыз. Кайсы бир мамлекеттик мекемени түзүүдөн мурун иштеп жаткан уюмдардын муктаждыгы боюнча талдап чыгуу зарыл. Бир ишкананын функцияларын экинчи ишкананын кайталашына жол берилбейт», — деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.   

Белгилесек, Министрлер кабинетинин кеңешмесине киргизилген бир катар ченемдик укуктук актылардын долбоорлору кабыл алынбастан, толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлдү. 

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө ченемдик укуктук актыларды кылдат даярдоо зарылдыгын эскертип, долбоорлорду  тиешелүү укуктук экспертизасыз жана тармактык министрликтердин сын-пикирлерин алып салуусуз сунуштоодо мамлекеттик орган жетекчисине карата тартиптик жаза чаралары колдонуларын эскертти. 

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле май майрамдарында адамдардын коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл чараларды күчөтүүнү тапшырды. 

Өз кезегинде ички иштер министри Улан Ниязбеков 30-апрелден 10-майга чейин ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө режимине өтүп жатканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты