Акылбек Жапаров: “Маккенанын алтыны” кайда деп сурабагыла (Видео)

Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 15-февралда, Министрлер кабинетинин жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Жыйындын башталышында Акылбек Жапаров журналисттердин айрым суроолоруна жооп бербей турганын билдирди. Анын айтымында, айрым суроолор мамлекеттик, же тигил же бул компаниянын коммерциялык сырына байланыштуу болуп калышы мүмкүн.

-Жанрдын тартибине жараша, Маккенанын алтыны кайда деген суроолорду бересиңер да. Ошондуктан айрым суроолорго жооп бербейм. Бул жыйындын форматын баррикада түрүндө эмес,  ишенимдүү аңгеме-маек иретинде жүргүзүп, бир позицияда, кандай өсөбүз деп бирге аракет кылалы, — деди Акылбек Жапаров.   

Ал эми «Кумтөр» буларды билдирди:

-“Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгайын деп калды. Марттын 15ине чейин тынч ажырашуу болот, толук маалыматты ошондо беребиз.  “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизилгенге чейин анда 48 миң доллар бар болчу, 4-5 жылдан бери даярданып жүрүшкөн экен. Бир күнү болбосо, бир күнү кыргыздар мекемени алат деген. Алтындын баасы көтөрүлгөн сайын, кылчактап кете албай, эсептерин чет өлкөлөргө чыгарып кетишкен экен.  

“Кумтөрдөн” 326-329 млрд долларга чейин киреше көрдүк. 220 млн доллар таза киреше кирип атат. Бул салыктан башка. Илгери канадалыктар 4 пайызды төлөбөй жүргөн. 4,5 млрд сом көбүрөөк төлөп берди, -деди Акылбек Жапаров.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты