Акылбек Жапаров Кашгарда бир катар банктардын жетекчилери менен жолугушту
- 8 месяцев мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян Уйгур автономиялуу районуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында, Кашгар шаарында бир катар компаниялардын өкүлдөрү жана СУАРга негизделген банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Саясий диалогдун жогорку деңгээли-Кыргызстан менен Кытайдын региондорунун арасында экономикалык маселелерди илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Кытай компаниялары эл аралык жана инфраструктуралык, анын ичинде курулуш, гидроэлектростанция, жолдорду куруу, аэропортторду модернизациялоо багытындагы долбоорлорду ишке ашырып жатышат», — деди Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин башчысы Кытайлык банкттарга Кыргызстанга инвестиция салуу жолдорун, гидэнергостанцияларды, күн жана шамал электростанцияларын куруу долбоорлоруна катышууну карап көрүүнү сунуштады.
Ошондой эле Акылбек Жапаров «Сани» компаниясынын жетекчилери менен жолугушуп, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуу шарттары туурасында айтып берди.
Мындан тышкары Акылбек Жапаров Кызыл Суу-Кыргыз автоном облусунда жайгашкан айыл чарба продукцияларын иштетүүгө, сактоого жана экспорттоого багытталган ири компаниянын жетекчилиги менен сүйлөштү.
Бул жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасы, Кыргызстандан таза экологиялык айыл чарба продукцияларын Кытайга жеткирүү жана көзөмөл кампаларында сактоо, андан ары рынокко чыгаруу боюнча пикир алмашты.