Акылбек Жапаров: Кыргызстан ЕЭБ алкагында интеграцияга өзгөчө маани берет

  • 2 года мурун

Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толот.

-Кыргыз Республикасы да Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграция маселелерине өзгөчө маани берет. Бул биздин өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири, — деди ал. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россияда жүрүүсү боюнча маселени көтөрдү.

Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин белгилегендей, Россия Кыргыз Республикасы менен түзүлгөн стратегиялык мамилелерди баалайт. 

«Эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатат. Алсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 47%га өсүп, 2,5 млрд АКШ долларына жакындады. Гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык кеңейүүдө» деди ал. 

Михаил Мишустин белгилегендей, өнөр жай, машина куруу, радиоэлектроника, санариптик экономика, жашыл энергетика жана транспорт тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты