Акылбек Жапаров «Кумтөргө» барды
- 3 года мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Кумтөр Голд Компани» ишканасына барды.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жапаров кенде жайгашкан бир катар объектилерди кыдырып чыкты. Андан соң Жети- Өгүз районунун тургундары менен жолугушту.
Бирок Кумтөрдө эмне тууралуу сөз болгону боюнча маалымат берилген жок.
Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү