Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушту
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен өлкөгө иш сапары менен келген Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектеновдун жолугушуусу болду. Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынынын алкагында чакан чөйрөдө жыйын өттү.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
МинКаб башчысы эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү кыргыз жана казак элдеринин көп кылымдык достугуна, жалпы маданиятка, тарыхка, тилге, руханий баалуулуктарга жана каада-салттарга негизделгенин белгиледи.
«Быйыл кол коюлган союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча келишим кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эки элдин кылымдардан бери келе жаткан бир туугандык байланыштарын чыңдоого салым кошот деп ишенем» деди Акылбек Жапаров.
Ушул жылдын январь-сентябрь айларында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 981,1 миллион долларды түзгөн, жыл аягына чейин бул көрсөткүч былтыркыдан жогору болоорун кошумчалады.
Олжас Бектенов казак тараптын эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана бекемдөөгө жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга умтулуусун ырастады.
«Быйыл Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюунун натыйжасында биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Биз достуктун, бир туугандыктын жана жакшы коңшулаштыктын негизинде курулган мамилелерибизди жогору баалайбыз. Казакстандын өкмөтү казак-кыргыз кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», — деп белгиледи Бектенов.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.