Акылбек Жапаров Кара-Кече көмүр кенине барды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-сентябрда Кара-Кече күрөң көмүр кенинин «Борбордук» деп аталган участкасына барды. 

Ал өндүрүштүк иштердин жүрүшү менен таанышып, жумушчу кеңешме өткөрдү.

«Алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык кынтыксыз болушу керек.

Бекитилген план боюнча, «Кыргызкөмүр» ишканасы 2 677,0 миң тонна көмүр өндүрүп, камдашы керек. Андыктан өндүрүштүк иштер толук көлөмдө жүргүзүлүп, көмүр ташуу үзгүлтүксүз болушу керек. Биз тиешелүү байкоочу шаймандарды сатып алууга каражат бөлүүгө даярбыз» , — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин башчысы Жумгал районунун тургундарын өздүк баада көмүр менен камсыз кылууну тапшырды.

Ушул жылдын 1-августунан тартып Бишкек шаарынын ЖЭБине, ошондой эле калкка, бюджеттик мекемелерге көмүр ташыла баштады. Ишкана күнүнө 5,5 миң тоннага жакын көмүр жүктөөдө.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты