Акылбек Жапаров «Камбарата-1» менен Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулуш баасын атады

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы жайкы тыныгуудан кийин 1-сентябрда ишин расмий баштады.

Жыйында сүйлөгөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда парламенттин кароосунда 121 мыйзам долбоору турганын белгиледи.

«Парламенттин биринчи сессиясында өкмөт 124 мыйзамдын долбоорун сунуштап, анын 71и парламентте кабыл алынып, президент 67 мыйзамга кол койду. Азыр карооңуздарда 121 мыйзам долбоору турат. Биз «Камбар-Ата-1″ ГЭСин куруу долбоорун баштадык. Биздин эксперттердин эсебинде, бул — 5-6 миллиард долларлык экономикабыздагы ири долбоорлордун бири. Буга байланыштуу бир топ мыйзамдарга да өзгөртүү киргизишибиз керек. Силер менен чогуу суроо-талаптарыбызды чечебиз деген үмүтүбүз бар. 15-16-сентябрда ШКУнун Самарканддагы жыйынында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча келишимге кол коюларын күтүп жатабыз. Божомолдор боюнча жылдын экинчи жарымында техникалык-экономикалык негиздемеси бүтөт, 5-7 млрд доллар керектелет» деди Жапаров.

8-июнда Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаров «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна даярдык көрүүгө старт берип, гидротоннель түшчү жерде жардыруу болгон. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Расмий Бишкек Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин маалымдаган. Муну кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да ырастаган. Анда тараптар бир катар маселелер боюнча мунаса тапканы жана Кыргызстандын аймагындагы долбоордун багыты аныкталганы кабарланган.

Кытайды Борбор Азия менен туташтырган темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери жүрүп келет. Ал жол аймактык жана дүйнөлүк мааниге ээ болуп, Перс булуңуна чыкчу жаңы соода каттамын ачмак.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты