Акылбек Жапаров экономика көтөрүлүп, мигранттар өлкөгө кайтып жатканын айтты
- 4 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда экономика көтөрүлүп, чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттары Мекенге кайта баштаганын айтты.
Бул тууралуу ал 22-майда Бишкекте өткөн “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча республикалык кеңешмеде билдирди.
“Быйыл 100 ишкананы ачалы деп турабыз. Ошонун алкагында сыртта кара жумуш жасап жүргөн мигранттардын саны эки эсеге азайды. Жалал-Абадда ипотекалык компания менен 12ден ашык үй куруп жатабыз. Ал жактагы ата-энелер Москвада жана башка жерлерде иштеп жүргөн балдарын чакырып, алар келип иштеп жатат. Тигүү цехтерине да кайра келе башташты. Анткени экономика көтөрүлдү” деди ал.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) 2024-жылдын биринчи кварталындагы маалыматы боюнча, Кыргызстандын 655 миңде ашык жараны чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Алардын көбү Орусияда эмгектенет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова 13-майда Кыргызстанда 91 миң 600 адам жумушсуз бар экенин, анын ичинен 64 миң 600ү жумушсуз катары расмий каттоодо турганын билдирген. Иш жүзүндө жумушсуздардын саны мындан да көп экени айтылып келет.
29-февралда Эл аралык республикалык институт (IRI) уюмунун тапшырмасы боюнча SIAR изилдөө-консалтинг компаниясы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы чыккан. Сурамжылоого катышкандардын көбү Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири жумушсуздук экенин айтышкан.
Булак: «Азаттык»
Сүрөт: gov.kg