Акылбек Жапаров «Центерра Голд» менен Кумтөр боюнча дооматты жөнгө салуу токтомуна кол койду

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кени боюнча Кыргызстан менен «Центерра Голд» компаниясынын ортосундагы дооматтарды жөнгө салууну караган токтомго кол койду.

Документтин долбоору өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды. Токтомдо Кыргызстан менен “Центерра Голддун» ортосундагы дооматтарды жөнгө салуу тууралуу макулдашуунун расмий тилдеги долбоору жактырылары, бул документке кол коюуга Акылбек Жапаровго ыйгарым укук берилгени жана макулдашууну ишке ашыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга чара көрүү тапшырылган.

Ал эми токтомдо дооматтардан баш тартуунун шарттары жана кеңири мазмуну көрсөтүлгөн эмес.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Андан бери «Центерра Голд» менен сүйлөшүүлөр жүрүп, кыргыз тарап жылыш бар экенин билдирип келген.

Быйыл 9-мартта Жогорку Кеңеш Министрлер кабинети сунуштаган «Центерра Голд» менен келишимдин шарттары боюнча долбоорун жабык карап, колдогон. Бирок анда кандай маселе камтылганы азырынча белгисиз. Өкмөт буга байланыштуу расмий комментарий бере элек. Депутаттар дагы документ «жашыруун» деген белги менен келгенин айтып, кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тарткан.

Кыргыз тарап быйыл май айынан бери «Кумтөргө» сырттан башкаруу киргизип, көзөмөлдөп жатат.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты