Ломбарддардын уставдык капиталы июль айынан баштап 7 млн сомдон кем эмес болот
- 1 месяц мурун
Министрлер Кабинети Кыргызстандын аймагында ломбарддардын ишин уюштуруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитти. Тиешелүү чечимге төрага Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыланды.
Чечимге ылайык, ломбарддардын уставдык капиталы 2026-жылдын 1-июлунан тартып – 7 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө болушу керек.
Жобонун максаты ломбарддардын ишин уюштурууга карата талаптарды белгилейт. Бул документ өлкөнүн аймагында ломбарддардын ишин жүзөгө ашырууга лицензиялары бар бардык юридикалык жактардын ишине жайылтылат.
Ломбарддардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү төмөнкүдөй белгиленет:
1) 2025-жылдын 1-январынан тартып – Үч миллион сомдон кем эмес өлчөмдө;
2) 2026-жылдын 1-июлунан тартып – 7 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө;
3) 2027-жылдын 1-июлунан тартып – 14 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө;
4) 2028-жылдын 1-июлунан тартып – 20 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ломбард ишинин субъекттери алты айлык мөөнөттө өз иштерин жобонун талаптарына ылайык келтириши керек.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Сүрөт: Интернет булактарынан




