Бүгүн парламенттин жыйынында Кумтөр маселеси каралат

  • 2 года мурун

Министрлер кабинети Кумтөр кени боюнча «Центерра Голд» компаниясы менен түзүлгөн келишимдин долбоорун Жогорку Кеңешке кароого жиберди. Парламент аталган маселени бүгүн, 9-мартта жабык карай турган болду.

Бул тууралуу президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмазбек Абытов жыйында билдирди.

«Кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд» компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча 4-мартта кабыл алынган токтомду күн тартибине киргизип, бүгүн 14:00дө жабык эшиктер артында карап берүүңүздөрдү суранабыз», — деди Абытов.

Ал ошондой эле түштөн кийин Президент Садыр Жапаров да парламентке келерин кабарлады. Жапаров жаңы дайындалган Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышат.

Жаңы дайындалган Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов ант беришет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты