Бишкекте электр чыгырыктарды пайдалануу тартиби шаар депутаттарынын кароосуна киргизилди      

  • 8 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэриясы “Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо” тууралуу токтом долбоорун иштеп чыгып, шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна киргизди. Анда электр чыгырыктардын (электросамокаттардын) ылдамдыгы саатына 25 чакырым болууга тийиш деп каралууда.

Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.

Электр самокаттары үч сааттан ашык калтырылган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары аларды атайын сактоочу жайга жайгаштырууга укуктуу.

Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкек шаарында жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштыруу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө” токтом долбоорун иштеп чыгып, шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна  киргизди. Ушул аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштырууну жөнгө салууга, эксплуатациялоого, сактоого жана   кошумча чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу болот.

Ошондой эле, шаарда жеке мобилдүүлүк каражаттарын коюуга арналган так аймактар аныкталат, бул электросамокаттарды шаар боюнча ар кандай жайгаштырууну болтурбоо үчүн жасалат.

Мындан тышкары, электросамокаттарды жол жүрүүчү жана жүргүнчү бөлүктөрүнө койгонду чектөө чараларын киргизип, жөө адамдардын кыймылына тоскоолдук жаратуусуна жол бербөө аракетин көрүп жатышат.

Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты