Акылбек Жапаров Ашхабадга барат

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-майда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ашхабад шаарына барат.

Жыйындын күн тартибинин долбоорунда 12 маселе бар.  Анын ичинде энергетика тармагындагы кызматташуу, эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын кеңири форматта талкуулоо күтүлүүдө.

Мындан тышкары саламаттык сактоо, химиялык өнөр жай, кооптуу калдыктар менен иштөө жана интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташууга тиешелүү бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда.

Түркмөнстанга болгон иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар дагы күтүлүүдө.

Сүрөт: Түркмөнстан Өкмөт үйү. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты