Акылбек Мураталиев «Кыргызфильм» киностудиясынын башкы редактору болуп дайындалды
- 10 месяцев мурун
Кыргыз эл артисти, театр жана кино тармагынын көрүнүктүү өкүлү Акылбек Мураталиев “Кыргызфильм” киностудиясынын башкы редактору болуп дайындалды
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Акылбек Мураталиев 1957-жылы 20-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Аң-Өстөн айылында төрөлгөн. 1974–1979-жылдары Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайында “Драма жана кино актёру” адистиги боюнча билим алып, СССРдин эл артисти Юрий Соломиндин өнөрканасын аяктаган.
1979–1992-жылдары Кыргыз мамлекеттик драма театрында актер болуп иштеген. Театрда Бексултан Жакиевдин – «Күттүргөн жаз да келээр», «Ашырбай», «Саадак какты» спектаклдинде – Шермат, Дадый, Ажалдын, Лопе де Веганын «Бий мугалиминде» – Вандолинонун, Антон Чеховдун – «Алчалуу бакта» – Лопахиндин, Шекспирдин – «Ричард III» – Бекингемдин ж.б. ролдорун аткарган.
Кинодо «Курманжан даткада» Алдаярдын, “Фудзиямадагы кадыр түндө” ж.б. ролдору менен белгилүү.
Сүрөттө: Акылбек Мураталиев. RF/RL




