Акыйкатчы: Орусиядан Тажикстанга Кыргызстан жаранын экстрадициялабай коюуга жетишилди

  • 6 месяцев мурун

Акыйкатчы институнун жана тышкы иштер министрлигинин биргелешкен иш-аракети менен  И. А. аттуу Кыргызстандын жаранын Орусиядан Тажикстанга экстрадициялоодон баш тартууга жетишилди.

КРнын жараны И. А.ны РФ чек ара кызматы Орусиянын чегинен өтүп бара жатканда кармаган. Андан соң аны Орусиянын Алтай крайынын Рубцовск транспорттук прокуратурасына өткөрүп беришкен.

РФ укук коргоо органдарынын расмий маалыматтары  боюнча, Кыргызстандын жаранын Тажикстандын укук коргоо органдарынын эл аралык издөө жарыялаганынан улам кармашкан.

Кыргызстандын жараны кармалгандан кийин Орусиянын Рубцовск райондук сотунун чечими менен Алтай крайындагы тергөө изоляторуна 40 күнгө камакка алынган.

Аталган факты боюнча Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаевага этникалык кыргыздардын коомчулугунун өкүлдөрү И. А.нын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылышкан.

Кыргызстандын Акыйкатчысы ишти өзүнүн өзгөчө көзөмөлүнө алган.

КР Акыйкатчысы Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына КРнын жаранынын укуктарын сактоону камсыз кылуу — Кыргызстандын жаранынын Орусиядан Тажикстанга экстрадициялоого жол бербөөгө көмөк көрсөтүүгө чакырыгы менен кайрылды.

Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын берген маалыматына ылайык, И. А.-этникалык кыргыз, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдук округуна караштуу Мургаб айылында туулган.

2013-жылы Тажикстандан Кыргызстанга келүүгө аргасыз болгон.  Андан соң этникалык кыргыз катары КР жарандыгын алган. Ошондон бери ал Кыргызстанда жашап жүрүп быйыл өлкөнүн чегинен тышкары иштеп келүүнү максат кылып чет жакка чыккан. Бирок Орусия  чек арасынан өтүп жаткан учурда кармалган.

Иштин материалдарын таянсак, 2013-жылы Тажикстанда И. А.га  “Аскер бөлүгүн жана кызмат ордун өз алдынча таштап кетүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. И. А. 2010-жылдан 2013-жылга чейин Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүндө келишим менен кызмат өтөгөн.

Акыйкатчы  институту менен КР ТИМдин биргелешкен ыкчам аракетинин жыйынтыгында, ошондой эле Новосибирск шаарындагы КР башкы консулдугунун активдүү катышуусу менен Кыргызстандын жаранынын укуктарын коргоого мүмкүн болду.

Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан КРнын жаранын Тажикстанга  экстрадиция кылуудан баш тартуу жана бошотуу үчүн баардык далилдер берилди.Рубцовск транспорттук прокуратурасы И. А.ны коргоо боюнча бардык жүйөөлөрдү кабыл алды жана РФнын мыйзамдарына ылайык, И. А.ны кылмыш жоокерчилигине тартуу үчүн кармоо мөөнөтү 2019-жылдын 6-августунда аяктаганы тууралуу токтом чыгарды.

Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы аны бошотуу чечимин кабыл алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты