Акыйкатчы мамлекеттик органдарды психикалык дартка чалдыккандардын укугун коргоого чакырды
- 4 месяца мурун
Акыйкатчы мамлекеттик органдарды психикалык дартка чалдыккан адамдардын укугун коргоого чакырды.
Бул тууралуу Акыйкатчы институтунын басма сөз билдирди.
Маалыматта айтылгандай, акыйкатчынын Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги кызмат алуучулардын жашоо шарттарына жана алардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүштү.
Байкоо учурунда, аталган мекемеде жалпысынан 250 аял жашай турганы маалым болду. Анын ичинен, 36 аялдын паспорту жок. Ал эми экөөнүн документтери такыр жок. Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин маалыматында, 11 адамга паспорт алуу үчүн документтерин калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнө өткөрүлгөнү, учурда, каралып жатканы айтылат. Калган 25 адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок документтерин тапшыра албай жатышканы маалым болду.
«Кадастрдык мекеме тарабынан берилген маалымкатка ылайык, 16 бейтаптын менчигинде жер тилкелери жана бир турак жай бар болуп чыккан. Бирок алардын мүлктүк укуктары сакталып жаткандыгы тууралуу Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси тарабынан маалымат берилген жок» деп айтылат маалыматта.
Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, айрымдарынын мекемеге келгенине көп жыл болсо да, кайдан, качан келгени, жашы канчада экени, аты-жөнү такталган эмес. Мисалы, 2013-жылдын 24-июнунда Чым-Коргондогу психоневрологиялык диспансерден белгисиз аял киши которулган. Аны мекеменин кызматкерлери “белгисиз тажик аял” деп атап коюшкан. Ал кайдан келгенин, өзүнүн аты-жөнүн, качан туулганын эстей албайт.
Дагы бир 69 жаштагы аял 20 жылдан бери аталган мекемеде жашап келет. Анын өзүнүн айтымында, Өзбекстанда туулуп, кийин ата-энеси менен Москвада жашап жүрүп, көп өтпөй Фрунзеге келишкен. Ал 14 жашында зордукталып, психологиялык трамвадан улам, талма оорусуна чалдыгып калган.
Акыйкатчы институту белгилегендей, психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар турмуштук ар кандай себептерден улам, оор тагдырга кабылгандар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Алар ар дайым башкалардын камкордугана жана жардамына муктаж болгондуктан, документтерин калыбына келтирүү көйгөйүн өз алдынча чече алышпайт.
Акыйкатчы мамлекеттик органдарды адам укугунун жалпы декларациясына жана улуттук мыйзам ченемдерине ылайык алардын укуктарын камсыздоого чакырат.
Сүрөт: Ак-Суудагы психо-неврологиялык социалдык стационардын имараты. Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы