Акыйкатчы майыптыгы бар кыздын зордукталышы боюнча ИИМди калыс иликтөө жүргүзүүгө чакырат  

  • 12 месяцев мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева ички иштер министрлигин 21 жаштагы, II топтогу майыптыгы бар кыздын иши боюнча калыс жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүүгө чакырат.

Акыйкатчы жабырлануучунун апасы, Бишкек шаарынын тургуну С.Ч. менен жолугушту. Ал институтка кызынын укуктарын коргоо жана шектүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен кайрылган.

Апасынын айтымында, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тобу менен зордуктоо боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартып, шектүүлөрдү кармабай жатат.
«Мен жана кызым дагы II топтогу майып. Милиция бизди жөн эле шылдыңдап жатат. Адвокат менен дагы адилеттикке жете албай турабыз. Кызымды коргой албаганыма жана аны кордогондорду жазага тарттыра албаганыма аябай кейип турам» деди С.Ч.

Буга чейин ЖМКларда кабарлангандай, окуя 2025-жылдын 10-апрелинде Бишкектеги курулуп жаткан үйлөрдүн биринде жасалган. Апасынын айтымында, курулушта иштеген эки чет элдик жаран алгач кызды азгырууга аракет кылган, андан кийин өздөрү жашаган жерине сүйрөп кеткен.
«Алар аны түнү менен кезек менен зордуктап, коркутушкан. Эртең менен таксиге салып, Ош базары тарапка жөнөтүшкөн. Ал жерден өтүп бара жаткандар милиция чакырышкан» деп кошумчалады С.Ч.

Жабырлануучу бала кезинен акыл-эсинен артта калуунун жеңил формасы менен жабыркайт. Ага карабай, ал атайын мектепти жана эки кесиптик лицейди бүтүргөн. Апасы окуядан кийин кызы катуу депрессияга кабылганын айтат.

Жактоочунун айтымында, тергөө жабырлануучу тарапка соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалардын жыйынтыктарын бербей жатат. Андан сырткары, кыздын жана анын жактоочусунун баш тартканына карабастан, милиция мыйзам нормаларын бузуу менен психологиялык-психиатриялык экспертизадан өтүүнү талап кылууда.

Омбудсмен Ички иштер министрлигинин жетекчилигин жабырлануучунун арызы боюнча зарыл чараларды көрбөгөн Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдарына баа берүүгө чакырат. Эгерде жүйөлөр тастыкталса, күнөөлүү адамдар тартиптик жазага тартылышы керек.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты