Акыйкатчы кайын атасы тарабынан зордукталган келиндин окуясын териштирди
- 10 месяцев мурун
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева зордуктоого кабылган 20 жаштагы келиндин окуясын тынчсыздануу менен кабыл алып, коомдо мындай көрүнүштөрдүн болуп жатканы өкүндүрөрүн белгиледи.
Акыйкатчы кайынатасы сексуалдык зомбулук көрсөткөн 20 жаштагы Ж.к.Э.тууралуу маалымат чыгары менен аны жана жолдошун кабыл алып, алардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо боюнча зарыл чаралар көрүлөрүн билдирди.
Акыйкатчынын маалыматында мындай деп баяндалат:
-Ж.к.Э. 2024-жылы 17-июлда бул үй-бүлөгө келин болуп келген. Анын айтымында, арадан бир ай өтпөй кайын атасы бычак менен коркутуп, зордуктаган.
«Мындай ыплас аракеттер бир жыл ичинде системалуу түрдө кайталанып жатты. Анын баарын кайын энем (өгөй кайын эне) да көрүп, эч кандай чара көргөн жок» дейт келин.
Ж.к.Э. 2025-жылдын 11-апрелинде көз жарган. Анын билдирүүсүндө, төрөт үйүнөн чыккандан 15 күндөн кийин эле кайын атасы кайрадан күч колдонуу менен зордуктаган.
Келин кайын атасынын зордук-зомбулугу боюнча май айында гана жолдошуна айткан. Ата-баланын ортосунда чыр чыгып, И.А. уулун ур-токмокко алган. Андан кийин, 10 күнгө кичинекей баласы менен талаа жумуштарына кетирип жиберген. Көп өтпөй, талаа жумуштарын да жакшы аткарган жоксуңар деген шылтоо менен кайрадан уруш баштаганда, жаштар ымыркайын кайын атасына таштап, Ысык-Көлгө качып кетет. Ал жактан аларга жардам көрсөткөн жарандардын кеңеши менен Каракол милициясына арыз менен кайрылышкан.
Милиция түгөйлөрдү Бишкек шаарындагы Ленин РИИБине жөнөтүп, алар июль айынын аяк ченинде арыз жазышкан. Милиция кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш ишин козгоп 16-августта шектүү И.А.ны кармаган.
ИИМдин маалыматында, шектүү кармоо учурунда күч органдарына 50 миң сом пара сунуштаган. Ага кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча дагы бир кылмыш иши козголуп, шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Жубайлардын айтымында, алар кризистик борборго да кайрылып, кызматкерлер менен бирге 4 айлык ымыркайын кайын журтунан алып кеткени барганда, бала ыйлоого да алы келбей алсырап калган. Ымыркай реанимация бөлүмүнө жаткырылып, бирок көп өтпөй чарчап калган. Балага соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азырынча жыйынтыгы чыга элек.
Акыйкатчы мамлекеттик органдарды келиндин укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө, ошондой эле тергөө органдарын жогорудагы окуяны тыкыр иликтөөгө чакырды.
Сүрөт: Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы




