Токмок шаарында бир нече киши бирөөнү сабаган: Чүй облустук милициясы маалымат берди  

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 3-апрелде, социалдык тармакта жарыяланган видеодо бир нече киши бирөөнү сабап жаткан видео тасма тараган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы бул факт катталып, териштирүү иштери башталганын маалымдады.

Маалыматт айтылгандай, 3-апрелде болжол менен саат 13:26да Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө Токмок шаардык ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда Чүй облусунун Мээнеткеч айылынын тургуну 1983-жылы туулган, Ж.Н. аттуу жаран, дене жаракаттары менен медициналык жардам алуу үчүн кайрылганы маалымдалган.

Токмок шаарынын №3 кичи районунун «Касиет» устаканасынын алдында Ж.Н. аттуу жаран Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп турган. Ошол маалда 2001-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран BMW автоунаасы менен келип, туура эмес токтоп, башка унааларга жолтоо кылган. Бир адам туура токтотууга эскертүү бергенде, Ж.М. газ педалын катуу басканда, жээктеги кичинекей таштар унаага чачырап кеткен.

Бул окуядан улам Ж.Н. менен Ж.М. ортосунда чыр  чыгып, мушташа кетишкен. Ж.М. Ж.Н.-ни таш менен урган, андан кийин Ж.Н. кулап, чыканагы чыгып кеткен.

Кийинчерээк Ж.Н. 1996-жылы туулган, А.А., жана 1988-жылы туулган, Ж.С. аттуу туугандарын чакырган. Алар келгенде, Ж.М. союл алып, каршылык көрсөтүүгө аракет кылган, бирок Ж.С. союлду тартып алып, өзүн урган. Ж.М. жерге кулаганда, А.А. да бир нече жолу урган.

Бул мушташтын катышуучуларына соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Териштирүү иштери уланууда. Анын жыйынтыгында катышуучулардын аракеттерине юридикалык баа берилет жана мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты