Акыйкатчы институту жаш кыздардын эрте никеге туруусун алдын алууга чакырды
- 3 месяца мурун
Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматында, 2024-жылдын 9 айында эрте никеге туруу боюнча 23 учур катталган, анын 21и тергөө учурунда кыскартылып, 2 иш боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Бул тууралуу Акыйкатчы институту Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эрте никенин алдын алуу максатында мониторинг жүргүзгөн учурда белгилүү болду.
Институттун кызматкерлери Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын “Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо” бөлүмүнүн, Сузак райондук төрөт үйүнүн, ошону менен катары эле аталган райондук ички иштер бөлүмүнүн иш-аракеттерин изилдөөгө алган.
Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматында, 2024-жылдын 9 айында эрте никеге туруу боюнча 23 учур катталган, анын 21и тергөө учурунда кыскартылып, 2 иш боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Ал эми, Жалал-Абад облустунун прокуратурасы берген маалыматында 2024-жылдын 9 айында 21 жаш кыз саламаттык сактоо мекемелеринде кош бойлуу катары каттоого тургандыгы же төрөгөндүгү тууралуу жазылган. Анын ичинен 3 учур гана сотко өткөн. Калган 18 факты боюнча Сузак райондук милициясы кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.
Сузак районунун төрөт үйүнүн билдирүүсүндө, 2023-жылдын 9 айында 14 жаш кыз көз жарган. Ал эми, 2024-жылдын 9 айында Сузак районунда 5 өспүрүм төрөгөн.
Ошону менен катар эле, Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын “Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо” бөлүмүнө 2024-жылдын 11 айында 17 жаран нике жашын төмөндөтүүнү сурап, арыз менен кайрылган. Алардын арызынын негизинде 17 өспүрүм кыздын арызы канааттандырылган.
Акыйкатчы нституту аталган комиссиянын чечимдеринин мыйзамдуулугун боюнча Башкы прокуратурага кат жолдогон. Ага Жалал-Абад облустук прокуратурасы мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлерге тартиптик чара көрүү үчүн Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысына сунуштама жибергенин билдирди.
Сузак районунда эрте турмушка чыгып кеткен кыздардын бири — орто мектепте билим алып жаткан 16 жашар окуучу. Ал өзүнөн алты жаш улуу жигит менен үй-бүлө курганы маалым болду. Өспүрүмгө аталган айылдын имамы нике кыйган. Бул иш боюнча, Базар-Коргон РИИБ тарабынан кылмыш жаза кодексинин 175-беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы маалым болду. Ал эми, Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматында имам өз эрки менен жумуштан кеткен.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы Жалал-Абад облусу боюнча 15-17 жашка чейинки 68 кыз көз жарган. Ал эми, ушул эле жаш курактагы кыздардын бойдон алдыруусу боюнча 2023-жылы 9 учур катталган.
Баткен облусунда 15-17 жашка чейинки 6 кыз, Ош облусу боюнча 23 кыз көз жарган. Ал эми Ысык-Көл облусунда — 13, Нарында — 8, Таласта — 11, Чүйдө 60 жашы жете элек кыздар көз жарган. Ош шаары боюнча 6, Бишкек шаарында 56 өспүрүм кыз төрөгөн. Республика боюнча 2023-жылы 15-17 жашка чейинки 310 кыз көз жарган.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2024-жылдын 12 айында өлкө боюнча жашы жете электерге нике кыюу боюнча жалпысынан 29 кылмыш иши козголгон.
Акыйкатчы институт кыздардын укуктарын сактоо боюнча чараларды күчөтүүнү, жашы жете электерди расмий жана диний никеге каттоого алууга жол бербөөгө чакырды. Жаш кыздардын укуктарынын сакталышын күчөтүү боюнча башкы прокуратурага, билим берүү министрлигине, ИИМге жана Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгына кат жолдоду.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан