Акыйкатчы институту сайтынын жаңы версиясын ишке киргизди

  • 6 месяцев мурун

Акыйкатчы институту расмий сайтынын жаңы версиясын  — ombudsman.kg/  ишке киргизди.

Европа биримдиги “КРда мыйзамдын үстөмдүгү. 2-фаза” деп аталган долбоордун алкагында сайтты иштеп чыгууга техникалык көмөк көрсөттү.
Жаңы расмий сайт Европа Биримдигинин долбоорунун адистери жана Акыйкатчы институнун басма сөз кызматы менен бирге иштелип чыкты.
Расмий сайттын дизайны өзгөртүлдү — ал кабыл алууга жеңил, заманбап жана колдонуучу үчүн бардык ыңгайлуулуктары менен жасалгаланды.
Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы сайтта жарандардын онлайн-кайрылуусу үчүн мүмкүнчүлүктөр каралган.
Жаңы сайт мультимедиалык форматта сунушталды. Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маалымат Кыргызстандын интерактивдүү картасында жайгашкан. Сайттагы маалыматтар үч тилде: кыргыз, англис жана орус тилдеринде жайгаштырылган, ошондой эле көрүүсү начар адамдар үчүн версия да бар.    
Сайт мобилдик түзүмдөргө ыңгайлаштырылган, бул болсо аны колдонуучулар үчүн көбүрөөк ыңгайлуу кылмакчы.

Сүрөттө: Сайттын баш барагы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты