Акыйкатчы институту демилгелеген. Москвада Адам укуктарынын сакталышы боюнча индекстин долбоору сунушталды

  • 1 месяц мурун

16-апрелде Москвада  КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын IV  отурумунда КРн Акыйкатчы институту демилгелеген Адам укуктарынын сакталышы боюнча индекстин долбоору сунушталды.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, аталган жыйынга Армения, Россия, Казакстан, Өзбекстандын акыйкатчылары ошондой эле, Беларусиянын өкүлү катышты. Ал эми, Казакстандын, Тажикстандын акыйкатчылары видео байланыш аркылуу чыкты. Түркмөнстандык өкүлү менен БУУнун Адам укуктары  жана качкындар боюнча Жогорку комиссариаттары байкоочу катары катышты.

Жамиля Жаманбаева КМШ өлкөлөрүнүн Акыйкатчыларына Адам укуктарынын сакталышы боюнча индекстин изилдөө методологиясынын долбоорун сунуштады.

Адам укуктарынын сакталышын баалоо индексин түзүү маселеси 2024–2025-жылдарга карата КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын иш-планына Кыргыз Республикасынын сунушу менен киргизилген.
Максаты – адам укуктардын сакталышына баа берүүдө эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга шайкеш келген жалпы ыкмаларды иштеп чыгуу.
Бул максатта жумушчу топ түзүлүп, бир нече айдын ичинде эл аралык жана регионалдык тажрыйбаларга талдоо жүргүзүлгөн.

Жамиля Жаманбаева мисал катары КМШ өлкөлөрүнүн акыйкатчыларына жарандардын билим алууга болгон укугунун жеткиликтүүлүгүн анализдөөнү сунуштады.

“Жарандардын билим алууга болгон укугу улуттук мыйзамдарда, Эл аралык документтерде, Адам укуктарынын жалпы декларациясында да так көрсөтүлгөн социалдык укуктардын бири болуп саналат. Жогоруда сунушталган методология адамдардын билим алууга тең укуктуулгун аныктоого жардам берет” деди Жаманбаева.

Сүрөт: Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты