Акыйкатчы институту аэропортто кармалган аялдын укугун камсыздоого чакырды

  • 8 месяцев мурун

Акыйкатчы институту укук коргоо органдарын аэропортто милиция кызматкерлери тарабынан кармалган К. А. аттуу аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Буга чейин кармалган аялдын апасы милиция кызматкерлери кызынын ымыркай баласы бар экенине карабай кармап кеткени тууралуу ЖМКга билдирген. Милиция берген маалыматка таянсак, аял издөөдө жүргөн жана аны кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча кармашкан.

Акыйкатчынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда кармалган К. А.га барышты. Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде кайра жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан баласы үчүн тынчсызданып жатканын айтты.

Институттун кызматкерлери Бишкектеги аялдын баласы жаткырылган оорукананын жетекчилиги менен байланышканда, дарыгерлер баланын абалы оор, ал реанимация бөлүмүндө жатканын билдирген. Акыйкатчы институту бала менен аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Бүгүн  К. А.нын баш коргоо чарасы аныктай турган сот болот.

Акыйкатчы институтунун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова  баш коргоо чарасын кабыл алууда К. А.нын баласынын абалы оор экенин, учурда ага апасы абдан керек экенин эске алууну эске алууну белгилеп сотко кайрылды.

“Кармалган аялдын жашы элек төрт баласы бар. Жолдошу менен ажырашып кеткен. Сотту ушул жагдайларды эске алууга жана камак менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандап алууга чакырабыз”,-дейт Токтосунова.

Бүгүн К.А.нын баш коргоо чарасын аныктай турган сот болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты