Акыйкатчы “Евразия” сейил багында 7 жашар кызы менен апасы кабылган окуяга тынчсыздануусун билдирди
- 1 месяц мурун
Акыйкатчы Бишкек шаарынын аймагындагы “Евразия” сейил багында 7 жашар Айлин менен апасы кабылган окуяга тынчсыздануусун билдирди.
Айлиндин апасынын айтымында, Даун синдрому бар кызынын жакында эле омурткасына операция жасалгандыктан, азырынча өз алдынча баса албайт.
“Мен кызымды ат аттракционуна отургузуп, өзүм жанында кармап турайын дегем. Бирок сейил бактын кызматкерлери бул аттракцион 14 жашка чейинки балдар үчүн деген жүйө менен бизшге уруксат беришкен жок. Кызым менин жардамымсыз отура албайт. Буга чейин, башка сейил бактарда эч тоскоолдуксуз эле түшүп жүрчүбүз” деди кыздын апасы.
Акыйкатчы Бишкек шаарынын мэриясына текшерүү жүргүзүп, кыздын аттракционго кирүүсүнө бөгөт болгон эреженин негиздүүлүгүн тактоого чакырган кат жолдоду.
Жамиля Жаманбаева мындай учурлар кийин дагы кайталанбашы үчүн сейил бактын кызматкерлерин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, өзгөчө балдарга туура жана сый мамиле жасоону үйрөтүүнү сунуштады.
Акыйкатчы белгилегендей, аттракциондорго кирүү эрежелери коопсуздук жана техникалык талаптардын негизинде гана так жана тушүнүктүү түрдө жөнгө салынууга тийиш.
Жаңы ачылган «Евразия» паркынын курулушу жана жабдылышы меценаттык каражаттардын эсебинен “Евразия” фонду тарабынан каржыланган.
Бул паркка кирүү акысыз болот. Президент Садыр Жапаров белгилегендей, бул социалдык жактан бөлүүгө жол бербей, бардык балдарга бул паркта бирдей шарттарда ойноо жана эс алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында жасалган.
Сүрөттө: «Евразия» паркы. president.kg




