Бишкекте «Евразия» оюн-зоок паркы ачылды
- 3 месяца мурун
Садыр Жапаров 28-августта «Евразия» аттракциондор паркынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
Жаңы парк 10 гектарга жакын аянтты ээлейт. Келгендер үчүн 30га жакын аттракцион, спорттук аянтчалар, фудкорт жана соода түйүндөрү акысыз жеткиликтүү. Кирүү расмий колдонмо аркылуу QR-код менен ишке ашырылат, бул бардык категориядагы жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылат.
Президент парктын курулушу 2024-жылы Министрлер кабинети менен «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюмунун ортосундагы Евразия мейкиндигиндеги салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча кызматташуу жөнүндөгү макулдашуунун алкагында башталганын эске салды.
«Инвестициялык климат жакшырган бүгүнкүдөй шартта инвестицияларды жалаң эле өндүрүш ишканаларына багыттабай, бүгүнкүдөй социалдык долбоорлорго да салууга кириштик. Бул паркка тартылган инвестициянын көлөмү 35 млн АКШ долларын түзөт» деди мамлекет башчысы.
Парктын курулушу жана жабдылышы меценаттык каражаттардын эсебинен “Евразия” фонду тарабынан каржыланды.
Бул паркка кирүү акысыз болот. Мамлекет башчысы белгилегендей, бул социалдык жактан бөлүүгө жол бербей, бардык балдарга бул паркта бирдей шарттарда ойноо жана эс алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында жасалган.
Сүрөт: president.kg




