Акыйкатчы Болот Темировдун кылмыш ишинде мөөнөт эске алынбаганы түшүнүксүз экенин айтты

  • 2 года мурун

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштери боюнча билдирүү таратты.

«Ачык булактардан алынган маалыматтарды талдап, Болот Темиров жана анын жактоочусу менен сүйлөшкөндөн кийин, эмне үчүн укук коргоо кызматкерлери кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартуу боюнча ченемди колдонбогону түшүнүксүз. Мага белгилүү болгондой, Болот Темировдун жактоочулары ушундай өтүнүч менен кайрылышкан.

Акыйкатчы институту катары биз адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөөнү ишке ашырабыз жана биз үчүн мыйзамдуулук маселесинде адамдын конституциялык укуктарынын сакталышын көзөмөлдөгөн орган катары прокуратуранын позициясы маанилүү.

Болот Темировго козголгон кылмыш иштеринин жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү изилдөөгө юридикалык баа бериши керек болгон прокурорлордун кесипкөйлүгүнө ишенем», — деп жазылат билдирүүдө.

20-апрелде Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Анын алдында журналист Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон. Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Бул иш боюнча тергөө уланууда.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын белгилешкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты