Чек ара аймагына кирүүгө жасалма уруксат кагаздарын даярдоого шектелип, аскер кызматкерлери кармалды
- 19 секунд мурун
- Жаңылыктар
Мамлекеттик чек ара кызматынын айрым жооптуу аскер кызматкерлери тарабынан Ош облусундагы чек ара аймагына кирүү үчүн жарандарга системалуу түрдө жасалма уруксат кагаздарын даярдап берүү фактылары аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Аскер прокуратурасы менен бирге кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (кызмат абалынан пайдалануу менен алдамчылык) жана 379-беренесинин 1-бөлүгү (документтерди жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2026-жылдын 25-ноябрында Ош чек ара отрядынын Ж.у.Б. жана И.З.М. аттуу аскер кызматкерлери кармалып, гауптвахтага камакка алынды.
Кармалган аскер кызматкерлери акчалай сый акы катары 1 000 сомдон 4 000 сомго чейинки өлчөмдөгү каражатты алуу менен жарандарга чек ара аймагына кирүү үчүн жасалма уруксат кагаздарын системалуу түрдө даярдап, өткөрүп берип келишкендиги аныкталды.
Учурда кармалган адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин башка мүмкүн болгон фактыларын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка шериктерин аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Сүрөттөр: УКМК




