Медициналык документтерди мыйзамсыз даярдоого шектүүлөр аныкталды

Жалпы дарыгердик практика борборлорунун биринин кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарга медициналык кароодон иш жүзүндө өткөрбөстөн жана алардын катышуусуз, акчалай сый акы үчүн №086 формадагы медициналык маалымкаттарды системалуу түрдө мыйзамсыз даярдап келишкендиги аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.  

Аталган маалымкаттар Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдаштыруу максатында пайдаланылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында медициналык мекеменин кызматкери А.А.З. жана чет өлкөлүк жаран Ш.Д. кармалды.

Чет өлкөлүк жаран КР  УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, күнөөлүү кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында тергөө иш-чараларынын комплекси улантылууда.

Медициналык документтерди мыйзамсыз даярдоого шектүүлөр аныкталды
Медициналык документтерди мыйзамсыз даярдоого шектүүлөр аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөттөр: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты