Акыйкатчы: Абакта жаткандарды зарыл документтер менен камсыздоо керек
- 1 месяц мурун
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарды документтештирүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылды.
Акыйкатчы институнунун кызматкерлери 2024-жылдын январь айынан тарта изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү жабык мекемелерде жазасын өтөп жаткан 742 соттолгон жарандын паспорту жок экенин аныктаган.
Акыйкатчы соттолгондорду кайра социалдаштыруу жана социалдык жактан көнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
“Эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан адамдарды зарыл документтер менен камсыз кылуу керек. Аларды паспорт менен камсыз кылуу социалдык жөлөк пулдарды төлөп берүүдө, никеге туруу жана пенсиялык камсыз кылуу, ошондой эле камак жайынан бошонуп чыккандай кийинки убакытта ар кандай социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана жумушка орношуу маселелеринде чоң өбөлгө түзөт” деп билдирди акыйкатчы Жамиля Жаманбаева.
Акыйкатчы өз мандатына ылайык, соттолгондорго документ алып берүүнү тездетүү маселесин козгоп, ЖАК, калкты каттоо департаментине (ККД) жана монополияга каршы жөнгө салуу кызматына расмий каттарды жиберген. Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен 2024-жылдын ичинде ЖАК мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 631 соттолуучу паспорт алышты.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан