Активист жана президент Трамптын тарапташы Чарли Киркти өлтүрүүдө колдонулушу мүмкүн делген курал табылды
- 10 месяцев мурун
АКШнын Юта штатында саясий активист, президент Дональд Трамптын тарапташы Чарли Киркти өлтүрүүгө шектүү изделип жатканы маалымдалды.
Бул тууралуу Би-Би-Си агенттигинин орус кызматы билдирди.
Чарли Кирк шаршембү күнү Utah Valley университетинин кампусунда сөз сүйлөп жатканда ок тийип, анын кесепетинен көз жумган.
Ал эми бейшемби күнү ФБР агенти Роберт Бос Киркти өлтүрүүдө колдонулушу мүмкүн деп эсептелген мылтык табылганын билдирген.
Чарли Киркти өлтүрүүгө колдонулушу мүмкүн делген мылтык, шектүү имараттын чатырынан секирип, жашырынып кеткен токойлуу жерден табылган. Курал лабораторияга текшерүүгө жиберилген.
Тергөөчүлөр ошондой эле ал жактан бут кийимдин тагын, алакандын, жана шектүүнүн ийин жагынын издерин табышкан.
Саясий активист, Дональд Трамптын тарапташы Чарли Киркти Юта штатындагы Utah Valley университетинде чыгып сүйлөп жатканда моюн жагына атышкан. Аны оор абалда ооруканга алып кетишкен.
Кийинчерээк Дональд Трамп Чарли Кирк көз жумганын өзүнүн Truth Social социалдык тармагында кабарлаган.
“Улуу, ал тургай легендарлуу Чарли Кирк көз жумду. Америка Кошмо Штаттарында эч ким Чарличелик жаштарга күйгөн эмес. Аны баары жакшы көрүп, ага суктанышчу, айрыкча мен, эми Чарли арабыздан кетти. Мелания жана мен, анын мыкты жубайы Эрикеге жана үй-бүлөсүнө кайрат айтабыз. “Чарли, биз сени жакшы көрөбүз!” деп жазды Дональд Трамп социалдык тармакка.
Сүрөттө: Чарли Кирк. Reuters




