Активист Мелис Аспеков камакта 27-январга чейин болот
- 10 месяцев мурун
Активист Мелис Аспеков дагы эки ай, 27-январга чейин камакта болот.
Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматта Аспековдун бөгөт чарасы 21-ноябрда каралганы айтылат.
Аспеков азыр Бишкектеги тергөө абагында кармалууда. Ал эки айга камакка алынганы 30-сентябрда белгилүү болгон.ИИМ активистке кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Массалык башаламандыктар” деген беренелери менен айып таккан.
Опузалоо беренеси менен алты жылга соттолгон активист Мелис Аспеков президенттин ырайымы менен абактан бошотулган.
Президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага кКылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Опузалап талап кылуу” деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.
Кийин ал ишке «15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу» деген айып боюнча ошол эле кодекстин “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.
2022-жылы 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.. Ал президенттин ырайымы менен эркиндикке чыгарылган.
Социалдык тармактарда жана интернет булактарында Мелис Аспеков өзүнүн күнөөсүз экендиги жана анын кармалып алынган акча каражаттарын кайтарып берүү менен далилденгени тууралуу маалымат таратканына байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жооп берген.
«М.Аспековго кайтарылган акча боюнча айтсак, ал тинтүү учурунда табылып алынып, буюм далилдери болуп саналган эмес жана тергөөнүн предметине тиешеси жок болгон жана айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык ага кайтарылган» деп айтылат УКМК маалыматында.
Сүрөт: Интернет булактарынан