Активист Айсулуу Кудайбердиеванын иши сотко өттү

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиевага карата козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Кудайбердиева өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Анын айтымында, “2019-жылы чек арадан туура эмес өткөн” деген айып менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) козгогон ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карай турган болду, алгачкы отурум 14-февралга саат 14:30га белгиленди.

Кудайбердиева атайын кызмат козгогон бул ишти фальсификация деп атап, “Жээнбековдун саясий иштерине жардам бергеним үчүн бир нече ай бою УКМКнын басымына жана куугунтугуна дуушар болуп келем” деп билдирди.

УКМК Кудайбердиеванын мындай айыптоолоруна жооп бере элек.

Адам укугу боюнча Европа институтунун студенти Айсулуу Кудайбердиева буга чейин атайын кызматта бир нече жолу суракта болгонун айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты