Аксынын Кара-Башат айылында сел жүрдү
- 2 года мурун
Бүгүн, 21-майда, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Башат айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштеп жаткандыгы маалымдалды.
Муну бөлүшүү