Аксыда сел жүрүп, унаа жолдорду каптады

  • 4 дня мурун

Баштапкы маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда бүгүн, 14-апрелде, саат 16:00 чамасында Кара-Камыш айыл аймагынын Жоон-Төбө жана Долоно жайлоолоруна мөндүр аралаш жаан жаап, анын кесепетинен сел жүргөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Каракаш сайынан сел түшүп, Кербен–Кара-Жыгач–Кызыл-Көл унаа жолунун болжол менен 50 м аралыгын суу каптап, сел калдыктарына толтургандыгы тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн.

Жерине айыл аймактын жарандык коргонуу комиссиясы жана жүктөгүч тартылды.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөрүн эскерткен.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты