АКШнын президенти Трамп пошлинаны көтөрүү чечимин токтоткондугун билдирди  

  • 1 месяц мурун

АКШнын президенти Дональд Трамп көпчүлүк өлкөлөргө пошлинаны киргизүү чечимин 90 күнгө токтоткондугун 9-апрелде билдирди. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазды.

“Соңку күндөрү мен бул тууралуу ойлонуп, чечимди 9-апрелде кабыл алдым” деди Трамп.  Ал Truth Social социалдык тармагына пошлинаны 90 күнгө токтотуу тууралуу жазганын айтты.

АКШнын президенти өлкөгө кире турган товарларга пошлинаны күчүнө кире турган күнгө -10-апрелге чейин билдирди. Ал эми Кытайга пошлинанын дагы көтөрүп, 125% га жеткиргенин айтты.  

Трамп ийкемдүүлүккө барууну чечкенин билдирген, бирок мурдагыдай эле пошлинанын көтөрүү тууралуу өзүнүн чечимин туура деп эсептей тургандыгын айтты.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдөгү сөзүндө АКШга товар импорттогон өлкөлөргө пошлина киргизилерин билдирген.  

Трамп 185 өлкөнүн тизмеси бар таблицаны көрсөткөн, анын арасында Евробирлик товарларына 20%,  Кытайга 34%, Улуу Британияга 10%, Камбоджага 49%, Вьетнамга 46%, Шри-Ланкага 44% ж.б. коюлмакчы болгону айтылган.  

Кыргызстан болсо, Өзбекстан, Тажикстан жана Түрмөнстан менен катар 10% пошлинага туш болмок. Ал эми Казакстанга 27% пошлина киргизилери белгиленген.

Сүрөт: АКШнын президенти Дональд Трамп. Интернет булактарынан  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты