Дональд Трамп АКШга товар импорттогон 185 өлкөгө пошлина киргизмекчи. Арасында Кыргызстан да бар

  • 2 месяца мурун

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдөгү сөзүндө АКШга товар импорттогон өлкөлөргө пошлина киргизилерин билдирди.   

Associated Press агенттиги андагы иш-чарадан түз алып көрсөттү. Трамп ондогон жылдар бою АКШ башка өлкөлөргө соода барьерин төмөндөтүп келгенин, ал эми алар болсо америкалык товарларга олчойгон тарифтерди коюп келгенин айтты.

Трамп 185 өлкөнүн тизмеси бар таблицаны көрсөттү, Евробирлик товарларына 20%,  Кытайга 34%, Улуу Британияга 10%, Камбоджага 49%, Вьетнамга 46%, Шри-Ланкага 44% ж.б. коюлмакчы.  

Кыргызстан болсо, Өзбекстан, Тажикстан жана Түрмөнстан менен катар 10% пошлинага туш болду. Ал эми Казакстанга 27% пошлина киргизилмекчи.  

Сүрөттө: АКШнын президенти Дональд Трамп. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты