АКШнын Нью-Мексико штатында суу ташкын болду
- 11 месяцев мурун
АКШнын Нью-Мексико штатынын Руидосо кыштагында 8-июлда нөшөрлөгөн жамшырдан кийин суу ташкын болду. Бул тууралуу NBC NEWS билдирди.
Руидос кыштагынын бийлиги суу ташкында үч киши каза болгонун, анын бири төрт жашар кыз, жети жашар бала жана 40-50 жаштардагы киши экени маалым болду.
“Суу ташкын аябай чоң болду, Рио-Руидозо дайрасы рекорддук 20 футка чейин көтөрүлдү. Каза болгон үчөө суу ташкында калып, агып кетти” деп айтылат билдирүүдө.
Куткаруучулар шейшемби күнү 50-60 жолу элди эвакуация кылды.
Буга чейин АКШнын Техас штатында суу ташкын болгон. АКШнын Техас штатындагы суу ташкында Camp Mystic аттуу кыздардын жайкы лагериндеги 27 кыз жана вожатыйы каза тапты. Бул тууралуу лагердин билдирүүсүндө айтылат. 7-июль күнү суу ташкындан 82 киши көз жумган.
Сүрөт: NBC NEWS




