АКШнын Техас штатындагы суу ташкындан 82 киши каза тапты

  • 12 месяцев мурун

АКШнын Техас штатындагы суу ташкында Camp Mystic аттуу кыздардын жайкы лагериндеги 27 кыз жана вожатыйы каза тапты. Бул тууралуу лагердин билдирүүсүндө айтылат. 7-июль күнү суу ташкындан 82 киши көз жумган.   

“Гуадалупе дайрасындагы суу ташкындан “Camp Mystic” 27 эс алуучунун жана вожатыйдын каза болушунан улам аза кайгысын тартууда” деп лагерь билдирүү таратты.  

Лагерь толук маалымат берген жок. Алар дайынсыз болуп жаткан кыздарды издеп жаткан бийлик өкүлдөрү менен байланышта болуп жатканы айтылат.

Июль айынын башында АКШнын Техас штатынын борбордук бөлүгүндө жаан нөшөрлөп жаап, дайрада суу көтөрүлүп, суу ташкын болгон.  

7-июль күнү эртең менен суу ташкындан 82 киши каза тапкан, анын ичинде — 28 бала.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты