АКШнын Кыргызстандагы элчилиги көз карандысыз медиа каражаттарын колдогону боюнча билдирүү таратты

  • 2 месяца мурун

23-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Фейсбук баракчасында Кыргызстандагы көз карандысыз медиа каражаттарын колдоп келе жаткандыгы тууралуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

“АКШнын элчилиги кыргыз элине, Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана жергиликтүү уюмдар менен өнөктөштүк аркылуу каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүнө сыймыктанат. Журналистика тармагында биздин жардам фактчекинг программаларын каржылоого, кыргыз тилдүү журналистиканы колдоого жана мыйзам бузууларды, анын ичинде коррупцияны ачкан иликтөөчү журналисттерди колдоого багытталган. Коомдун күзөтчүсү катары кызмат кылган көз карандысыз медиа каражаттары жарандардын көйгөйлөрүнө натыйжалуу жооп берүү жана коррупция менен күрөшүүдө ар бир өкмөт үчүн маанилүү. Биз адилеттүү, коопсуз жана гүлдөгөн Кыргызстан үчүн кыргыз өкмөтү менен кызматташып, бардык программаларыбызды бирге ишке ашырып келебиз»деп жазылган билдирүүдө.

Кыргызстанын президенти жакында өткөн үчүчү курултайда көз карандысыз медиа каражаттарын сындап, алар чет өлкөлөрдөн грант алышат деп билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты