АКШга Кыргызстан жарандарынын студенттик виза алуу кыйынчылыгы. ТИМдин түшүндүрмөсү  

Массалык маалымат каражаттарында АКШ студенттик визаларын алууда кыйынчылыктар бар экендиги тууралуу тараган маалыматка байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

“АКШнын миграциялык саясатынын алкагында акыркы айларда арыз берүү процессинде берилген документтердин, каржылык кепилдиктердин, академиялык даярдыктын жана визалык жол-жоболор боюнча берилген башка маалыматтардын чындыгын текшерүү чаралары күчөтүлгөн. Бул чаралар жалпы мүнөздө болуп, бардык чет элдик жарандарга карата колдонууларын министрлик белгилейт. Визалык процедуралардын күчөтүлүшү АКШ өкмөтүнүн миграциялык абалды жөнгө салуу жана коопсуздук жаатындагы жалпы стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат” деп айтылат маалыматта.

Учурдагы визалык практикага ылайык, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги АКШда окууну пландап жаткан жарандарга төмөнкү талаптарды өз убагында жана толук түрдө аткарууну сунуштайт:

1. Керектүү документтерди алдын ала жана толук даярдоо, анын ичинде:

– окуу жайга кабыл алынгандыгы тууралуу расмий тастыктоо;

– арыз берүүчүнүн же анын каржылоочусунун каржылык мүмкүнчүлүгүн тастыктаган документтер;

– академиялык маалымкаттар жана сунуштамалар (керек болгон учурда).

2. Визалык анкета жана формалардагы бардык маалыматтардын тактыгын, толуктугун жана чын экендигин камсыз кылуу.

3. Социалдык тармактардагы коомдук активдүүлүктү текшерүү мүмкүнчүлүгүн эске алып, аны сапардын максаты менен шайкеш келтирүү.

4. Консулдукка интервьюга алдын ала жазылып, визалык бөлүмдүн мүмкүн болгон жүктөмүн эске алуу.

5. Маалыматтарды алууда расмий булактарга таянуу, мисалы:

– Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилигинин расмий сайты;

– АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий сайты.

Тышкы иштер министрлиги кырдаалды көзөмөлдөөнү улантып, зарыл учурда чет өлкөдө окууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына кошумча маалымат жана колдоону камсыздаарын билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты