АКШдан Кыргызстандын 20 жараны депортацияланды

  • 2 месяца мурун

2025-жылдын 1-майында Нью-Йорк–Ташкент–Бишкек багыты боюнча уюштурулган чартердик каттам аркылуу Кыргыз Республикасынын 20 жараны Кыргызстанга кайтып келди.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Каттам Өзбекстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда жетишилген макулдашуулардын негизинде уюштурулган.

АКШ тараптын маалыматына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар Американын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу атайын мекемелерде кармалып турушкан. Бардык иммиграциялык жол-жоболор, анын ичинде соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин, алар өлкөдөн депортацияланууга тийиш болгон чет элдик жарандардын тизмесине киргизилген.

АКШдагы жана Өзбекстандагы Кыргызстандын мекемелери жарандардын коопсуз жана өз убагында Мекенине кайтып келүүсүн камсыз кылуу максатында тиешелүү өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен тыгыз байланышта иш алып барууда.

Министрлик чет мамлекеттердин, анын ичинде АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузуу депортация, өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салуу жана башка чектөөлөр сыяктуу кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн эскертет.

Ушуга байланыштуу, чет өлкөлөрдө жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына өлкөнүн мыйзамдарын так сактоону, ошондой эле укуктук же башка кыйынчылыктар жаралган учурда, дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнө өз убагында кайрылууну сунуштайбыз.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты