АКШда үч кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, экөө көз жумган. Үчүнчүсү оор абалда — ооруканада

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Америка Кошмо Штаттарынын Индиана штатында кыргызстандык үч жаран жол кырсыгына кабылганын тастыктады.

Кайгылуу окуя болгондон баштап, Чикаго шаарындагы башкы консулдук каза болгон жана жаракат алгандардын үй-бүлөсү жана жакындары менен байланышып, укуктук жактан жардам берип жатканын ТИМ билдирди.  

Учурда АКШнын компетенттүү органдары менен бирге жол кырсыгынын жагдайлары жана сөөктү Мекенине жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.

Тышкы иштер министрлиги бул окуяны өзгөчө көзөмөлгө алып, жол кырсыгына кабылгандардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтө турганын кабарлады.    

Буга чейин АКШынн Индиана штатында үч кыргызстандык жол кырсыгына кабылганы тууралуу маалыматтар ЖМКда жана социалдык тармактарда жарыяланган.  

Андагы маалыматтар боюнча, 27-октябрда,  Уэст-Лафейетте Mercedes-Benz унаасы  бетон мамыга урунуп, күйүп кеткен. Кырсыкта Чыңгыз Сарыбаев окуя болгон жерде жан берген, Ясин Сейдибалиев ооруканада көз жумган. Кайрат Алтынбеков оор абалда ооруканада жаткырылган.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты