АКШда азырынча TikTok жабылбай турган болду
- 3 месяца мурун
АКШда TikTok жабылбай турган болду. Бул тууралуу TikTok райсмий сайтында билдирди. Компания бул чечимди жаңы шайланган президент Дональд Трамптын айткандарына байланыштуу кабарлады.
“Тик-ток” түйүнү Дональд Трамптын айткандарына ыраазылыгын билдирип, 170 миллион америкалыкка кызмат көрсөтүп жатканы үчүн санкцияга туш болбой турганына ишеним ачыкталганын кошумчалашты.
Трамптын жаңы кол кое турган жарлыгы мыйзамдын ишке киргизилишин 90 күнгө артка жылдырат. Ал эми “Тик-Ток” компаниясы мындан ары АКШда калуу боюнча иш жүргүзө турганын билдирүүдө белгиледи.
STATEMENT FROM TIKTOK:
— TikTok Policy (@TikTokPolicy) January 19, 2025
In agreement with our service providers, TikTok is in the process of restoring service. We thank President Trump for providing the necessary clarity and assurance to our service providers that they will face no penalties providing TikTok to over 170…
17-январда АКШнын Жогорку соту TikTok соцтармагына Кошмо штаттардын аймагында тыюу салуу боюнча мыйзамды колдоду. Бул тууралуу NBC News жазып чыкты. Ал мыйзам боюнча TikTokту жабуу мыйзамы 19-январда күчүнө кирген. Компаниянын билдирүүсүндө Трамп тыюуга карабай аталган платформаны колдогон провайдерлерди жоопкерчиликке тартпоо тууралуу убада бергени белгиленген.
Маалыматта айтылгандай, федералдык мыйзам TikTokко ээлик кылган кытайлык ByteDance компаниясынан аталган платформаны сатууну талап кылат. Эгерде сатуу болбосо, 19-январда миллиондогон америкалыктар колдонгон платформага тыюу салынат. TikTok платформасы бул мыйзамга каршы сөз эркиндигинин бузулушу боюнча доо арыз менен кайрылган, бирок Жогорку сот аны четке какты.
«Юстиция министрлиги (ред. АКШнын) мыйзамды коргоодо эки негизги маселени көтөрдү: кытай өкмөтү колдонуучулардын коомдук пикирге таасирин тийгизген мазмунду көзөмөлдөй алат жана миллиондогон америкалык колдонуучулардын купуя маалыматтарын чогулта алат»,- деп айтылат маалыматта.
АКШнын Жогорку соту аталган мыйзам сөз эркиндигин чектөөгө тиешеси жок мамлекеттик кызыкчылыкты көздөй турганын билдирди. «ТикТоктун масштабы жана чет элдик каршылаштар тарабынан көзөмөлдөнүүгө туруштук бере албоосу, ошондой эле платформа чогулткан купуя маалыматтардын көптүгү улуттук коопсуздук маселелерин чечүү үчүн өкмөттүн ага карата бөтөнчө мамилесин актайт» деп билдирген АКШнын Жогорку соту.
Сүрөт: Интернет булактарынан