АКШ өзбек жана тажик жарандары үчүн ЕБдин транзиттик визаларын талап кылууда

  • 7 месяцев мурун

АКШ коопсуздук үчүн Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарынан Европа Биримдигинин (ЕБ) транзиттик визаларын талап кылууда. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, мындай чара АКШга ыктымал террорчулардын кирүүсүн алдын алууга багытталган.

Президент Жо Байдендин администрациясы ЕБдин мүчөлөрүнө Борбор Азиядагы айрым өлкөлөрдөн келген саякатчыларга каршы катуу чараларды көрүү керектигин эскерткен. Анда ЕБ өлкөлөрүнө аэропорттордо Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарынан транзиттик визаларды талап кылуу сунушталган.

Транзиттик виза – өлкө аймагы аркылуу өтүү үчүн бериле турган виза. Аны керектүү өлкөнүн элчилигинен же консулдугунан үч күнгө (72 саат) чейинки мөөнөткө алууга болот.

Ак үйдүн өкүлдөрү бул боюнча Bloomberg’дин кабарчыларына комментарий беришкен эмес.

Быйыл августта Жо Байдендин администрациясы Өзбекстандан АКШга адамдарды мыйзамсыз ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулганын билдирген. АКШнын расмий адамдары бул топтун бери дегенде эле бирөөнүн чет өлкөлүк террордук уюм менен байланышы бар экенин айтышкан.

Айрым булактардын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө ФБР аталган топтун жардамы менен АКШга мыйзамсыз кирген 120 өзбек иммигрантынын 15ин издеп жатат.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты